Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жугузуп алган 3 жаран аныкталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умра зыяратынан келишкен. Мындан улам бүгүн Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Коронавирус аныкталгандар менен бирге учакта 135 адам учуп келген. Илдет жугуп калган жарандар өлкөнүн аймагына кирген соң, обсервацияга алынган эмес. Айрымдар бул боюнча өкмөттүн ишин сындоодо.
SUPER.KG порталы "Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө катталды. Өлкөнүн аймагына өткөрүп жибергени үчүн өкмөт кандай жоопкерчиликке тартылышы керек?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров коронавирустун жайылып кетишине жол бербегенге аракет кылуу керектигин айтты.
"Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штаб түзүлгөн. Штабда чектөөлөр, тыюу салуулар кабыл алынган. Ошол иш-чараларды аткарбай койгондор мыйзам алдында жооп берет. Кыргыз мамлекетинде коронавирус катталды. Эми кайсы жерде, кимдер милдетин так аткарбай койгону билинет. Сөзсүз бул маселе боюнча өкмөт өзүнүн чарасын көрүшү зарыл.
Кыргыз мамлекетинде 3 адамда коронавирус аныкталды. Мындан ары коронавирус таркап кетишине жол бербегенге аракет кылышыбыз керек. Бул жерде коронавирустун таркаган жерлерин картадан онлайн катары көрүп жатабыз. Деңиз жеринде, нымдуу жерлерде көп жайылып жатат. Кургак аба, бийик жерлерде коронавирус жуктургандар негедир аз. Кээ бир медициналык профессорлордун сүйлөгөн сөздөрүнө ишене турган болсок деңиз деңгээлинен 5 жүз миң бийиктикте болгон жерлерде коронавирус алсыз болуп калат экен. Коронавирус жайылып кетүү коркунучу азыраак болот", - дейт Зулпукаров.