Депутат Эмил Токтошев: "Коронавирус жайылып кетпеш үчүн кийинки кадамдарды ойлош керекпиз". КҮНСОБОЛ

Бүгүн, 18-мартта саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жугузуп алган 3 жаран аныкталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умра зыяратынан келишкен. Мындан улам бүгүн Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал киргизилди. Коронавирус аныкталгандар менен бирге учакта 135 адам учуп келген. Илдет жугуп калган жарандар өлкөнүн аймагына кирген соң, обсервацияга алынган эмес. Айрымдар бул боюнча өкмөттүн ишин сындоодо.

SUPER.KG порталы "Коронавирус Кыргыз өлкөсүндө катталды. Өлкөнүн аймагына өткөрүп жибергени үчүн өкмөт кандай жоопкерчиликке тартылышы керек?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев башында эле коронавирус катталган өлкөдөн келген жарандарды карантинге алыш керек болчу деген пикирде.

"Жоопкерчиликти түздөн-түз бирөө тартсын деп айтуу кыйын. Сырттан келгендерди текшергенде билинбей туруп, бир аптадан кийин аныкталышы мүмкүн. Жарандар өлкөгө кирип жатканда симптому байкалбайт. Алардын ооруганын же оорубаганын тактаган аппарат жок. Сырттан келгендерди абдан дыкат текшериш керек эле. Сырттан келгендерди баарын карантинге алуу зарыл болчу. Туура эмес иш кылышты. Эми мындан кийинки кадамдарды ойлошубуз керек", - дейт Эмил Токтошев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан