MegaCom компаниясы дарыгерлерди мобилдик байланыш жана интернет менен акысыз камсыз кылат

MegaCom компаниясы Кыргыз өлкөсүндө тарап жаткан коронавирус кырдаалына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин мобилдик байланыш жана интернет менен акысыз камсыз кылат.

"Альфа Телеком" жабык акционердик коому 12-март күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургуну Сауд Арабиядан кайтып келип, коронавируска кабылган кооптуу кабарга биринчилерден болуп реакция кылган. Буга байланыштуу MegaCom компаниясы эпидемиологиялык кыйын мезгилде калкка жардам берип жаткан саламаттыкты сактоо адистерин колдоо чечимин кабыл алды.

"Коронавирус катталган башка өлкөлөрдө көпчүлүк күч медицина кызматкерлерине жүктөлүп жатканы байкалды. Мындай кырдаалда дарыгерлер сапаттуу байланыш менен камсыз кылышыбыз керек. Мындан улам MegaCom компаниясы медицина кызматкерлерине жардам берүү жана байланышта болуу мүмкүнчүлүгүн түзүү жана режимде иш аракеттерди жөнгө салуу чечимин кабыл алды", - деп билдирет "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун директору Акылбек Жамангулов.

Мындай кырдаалга байланыштуу MegaCom компаниясы дарыгерлерге SIM-карталарды таратат. SIM-карталарга "Суперыңгайлуу 345" тарифи кошулган. Калган SIM-карталар Саламаттыкты сактоо министрлигине берилди. Ал эми буга чейин MegaCom абонентин колдонгон кызматкерлерге ошол замат жогорудагы тариф кошулмакчы.

Белгилей кетчү жагдай MegaCom компаниясы мобилдик түйүндөр үзгүлтүксүз иштөөсү үчүн 24/7 режиминде иштейт.

"Бул учурда биздин башкы максатыбыз, коронавирус менен күрөшүүдө биздин дарыгерлерди колдоо", - деди "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун директору Акылбек Жамангулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан