Жарандык активист Адил Турдукулов: "Кыргыз элинин саламаттыгы мамлекеттин эң башкы приоритети болушу абзел. Шайлоо жылдырылышы керек". КҮНСОБОЛ

18-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуккан 3 адам аныкталган. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылган. Республикалык штаб эл көп чогулган жерлерге барбоону сунуштап, массалык иш-чараларга тыюу салган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелге белгиленген. Ал эми үгүт иштери 13-мартта башталган. Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коом жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырып турууну сунуштап жатышат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе кырдаалга жараша бир аптадан кийин чечиле турганын айтты.

SUPER.KG порталы "Коронавирус коркунучунан улам жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылышы керекпи?" деген собол салды.

Жарандык активист Адил Турдукулов жергиликтүү кеңештерге шайлоо токтотулуп турушу керектигин белгиледи.

"Учурда кырдаал курч. Кыргыз элинин саламаттыгы мамлекеттин эң башкы приоритети болушу абзел. Кандай гана саясий окуялар болбосун аларды токтотуп туруу же жылдырып туруу логикалык жактан туура иш. Абал курчуй турган болсо, жергиликтүү кеңештердин гана шайлоосу эмес Жогорку Кеңештин шайлоосу дагы жылдырылышы керек. Дүйнөдө шайлоо эмес, башка чоң иш-чаралар жылдырылып же токтотулуп турат", - дейт Турдукулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан