18-мартта Кыргыз өлкөсүндө коронавирус жуккан 3 адам аныкталган. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келгени айтылган. Республикалык штаб эл көп чогулган жерлерге барбоону сунуштап, массалык иш-чараларга тыюу салган. Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелге белгиленген. Ал эми үгүт иштери 13-мартта башталган. Жогорку Кеңештин депутаттары жана жарандык коом жергиликтүү кеңештерге шайлоону жылдырып турууну сунуштап жатышат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе кырдаалга жараша бир аптадан кийин чечиле турганын айтты.
SUPER.KG порталы "Коронавирус коркунучунан улам жергиликтүү кеңештерге шайлоо жылдырылышы керекпи?" деген собол салды.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров коронавирус жоюлду дегенде гана шайлоо өткөрүлүшү керек деген ойдо.
"Кечээ күндөн баштап, социалдык тармактагы баракчама 12-апрелде өтө турган шайлоо токтотулсун деген пикирди жаздым. Коронавирус бүт ааламды каптап, дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жатса, биздикилер шайлоону өткөрөбүз дегени акылсыздыкка барабар. Бизге элдин ден соолугу, саламаттыгы керек. Шайлоо бир күндө өтөт, оору улана берет. Жогору жактагылар элди ойлогон болсо, шайлоону токтотушу шарт. Коронавирус жоюлду дегенде гана өткөрүү керек", - дейт Токтонасыров.