Эртең, 20-мартта Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөттүн отчётун угат. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Дастанбек Жумабеков билдирди.
Ал көпчүлүк коалициянын депутаттарын жыйынга чакырды. Буга чейин өкмөттүн отчётун парламенттин айрым комитеттери карап, жактырган.