Бүгүн, 21-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында мамлекеттик органдардын жетекчилери, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Бишкек шаарынын мэринин катышуусунда чакан курамда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылып кетишине жол бербөө жана ата мекендик экономика үчүн терс кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар каралып жатат.
Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус менен күрөшүүгө багытталган Коопсуздук кеңешинин мурдагы чечимдерин ишке ашыруу жана көрүлүп жаткан чаралар боюнча маалыматтары угулууда.