Ислам Баялинов дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондугунда камерундук спортчу менен беттешет
Дзюдо боюнча Кыргызстандын курама командасынын
мүчөсү Ислам Баялинов бүгүн, 27-августта Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында
өтүп жаткан Дүйнөлүк чемпиондукта беттешке чыгат. Бул тууралуу аталган мелдештин
расмий сайтында жарыяланган. Баялинов 66 килограмм салмактагы категория боюнча Камерун
мамлекетинен келген Усман Адам менен беттешет. Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Финалдык мелдештер саат 1:00дө болот.
Белгилей кетсек, 26-августта башталган чемпиондукка 124 мамлекеттен 800 спортчу катышмакчы.
Кыргызстандын намысын 6 эркек, 3 кыз дзюдочу коргошот.