"Мадумаров соттон 50 миң сом доого жыгылды, ал акчага даараткана курам" деген активистке саясатчынын жообу

"Саясатчы Адахан Мадумаров бүгүн, 24-мартта соттон экинчи ирет мага утулуп калды", - деп билдирди SUPER.KG порталына жарандык активист Мелис Аспеков. Анын айтымында, буга чейин Биринчи Май райондук сотуна аброюма шек келтирип, каралап жатат деген арыз менен кайрылган. Биринчи Май райондук соту активисттин пайдасына чечим чыгарган.

"Сот Мадумаровду 50 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген. Буга алар нааразы болуп, Бишкек шаардык сотуна кайрылган. Бирок шаардык сот алардын апелляциялык арызын канааттандырган жок.

Мындан тышкары Мадумаров социалдык баракчалары аркылуу мени каралаганы үчүн кечирим сурашы керек.

Сот отуруму бүгүн Бишкек шаардык сотунда өтүп, Мадумаров тараптын доо арызын канааттандырган жок. Чоң-Арыктын үстүндө сейил бак бар, ал жерде даараткана жоктугу көйгөй болуп келген. Мен доодон өнгөн акчага ошол жакка даараткана курам", - деди ал.

Бул боюнча Адахан Мадумаровго байланышып оюн сурадык: "Сурабай эле койгула, мен сотко барган эмесмин, баргым да келбейт. Эмне чечим чыкканын билбейм, булардан кабарым жок", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан