Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Узун-Сай" көмүр шахтасында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирүү жасады.
"24-март күнү Сүлүктү шаарындагы “Узун-Сай” шахтасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге 7 куткаруучу топ тартылып, өрт өчүрүлдү. Ошондой эле газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен", - деп билдиришти министрликтен.