Өрттөнгөн кичи автобустун ичинен табылган Жакшылык Дүйшөналиевдин жансыз денеси 2016-жылдын 13-июнунда Кегети капчыгайына бараткан жолдун четинен табылган.
SUPER.KG порталынын SUPER.TV бөлүмүнө "3 жарым жыл мурун уулумду өлтүрүп, өрттөп салган шектүүлөргө сот адилетсиз чечим чыгарды" деген Токмок шаарынын тургуну Гүлмира Жаркынбаеванын акыйкаттык издеп, коомчулукка кайрылуусу жайгаштырылган.
Андан соң экинчи тарап болгон Бурулсун Чылпакбаева дагы өзүнүн чындыгын билдирген.
Бүгүн, 24-мартта Чүй облустук соту бул ишти карап чыгып, Бурулсун Чылпакбаеваны күнөөлүү деп таап, 12 жарым жылга эркинен ажыратты. Ал сот залынан камакка алынды.