Белгилүү советтик актриса Инна Макарова 94 жашында каза болду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, актриса март айынын башында ооруканага жаткырылган. Белгилүү актрисанын көз жумганы тууралуу анын кызы Наталья Бондарчук билдирген. Ал апасы эмнеден улам каза болгонун тактап айткан эмес.
Инна Макарова көпчүлүккө өзүнүн "Кыздар" киносундагы Надянын ролу менен таанылган. Ошондой эле ал театрда көптөгөн ролдорду жараткан. Мындан тышкары "Жаш гвардия", "Румянцевдин иши", "Бийиктик" жана башка көптөгөн тасмаларга тартылган.