Бүгүн, 27-августта “Үмүт Кубогу” аттуу аялдар арасындагы футбол боюнча эл аралык мелдештин финалдык оюндары өтүүдө. Анда “Кыргызстан 2” командасы казакстандык “Алматы” командасына 1:8 эсебинде уттуруп, казакстандыктар 3-орунду ээлешти. Ал эми алдынкы орундар үчүн “Кыргызстан 1” жана Ооганстан командалары ат салышат.