Ош шаарынын Жапалак айылында 22 жаштагы келин өз үйүндө асынып, каза болду. Окуя 25-мартта түнкү саат 00:30 чамасында орун алган. Маалыматты Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан ырасташып, буларга токтолду.
"Ош шаарына караштуу Жапалак айылынын 1997-жылы туулган И.Э. аттуу тургуну өз үйүндө асынып, каза болгон. Ал жаш келин. Баткен районунан аталган районго келин болуп келгенине болгону 4 гана ай болгон. Учурда бул факты боюнча Ош ШИИБинин тергөө кызматы териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Соттук медициналык экспертиза дайындалды", - дейт мекеменин басма сөз кызматынан.