Мыйзамга баш ийбеген айдоочуну токтотуу үчүн эскертүү иретинде ок атуучу куралдан асманга ок чыгарылды. Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорунун комендантынын маалымат борборунан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 27-март күнү саат 10:20лар чамасында Ош ШИИБинин кызматкерлери Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсү менен С.Абдувалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кызмат өтөп турган учурда, Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мыйзамдуу талаптарга баш ийбей автоунаасын токтотпостон, кызматкердин өмүрүнө коркунуч келтирип, аны капотунун үстүндө сүйрөгөн.
Муну менен тим болбостон качып кетүү аракетин көргөндө, укук коргоо органдары штаттык табелдик ок атуучу куралы менен эскертүү иретинде асманга бир жолу ок чыгарышкан.
"Айдоочу аял Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына алып келинди. Бул факты боюнча топтолгон материал Ош ШИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын реестрине Жаза кодексинин 355-беренесинин биринчи пунктуна катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Айдоочу алгачкы сурагында, бир жерге шашылыш түрдө автоунаасын башкарып бара жатып, жогорудагы окуя болгондугун билдирген. Сотко чейики өндүрүш иши боюнча милиция кызматкеринин алган жараатынын оордук даражасын аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп айтылат маалыматта.