Кечээ, 28-мартта Нарында "Лимонти" каймана аты менен белгилүү кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран кармалган.
Бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан шектүү Бишкекке алып келингенин билдиришти.
"Шектүү Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Бул ишти ИИМдин тергөө кызматы тергейт", - дешти басма сөз кызматынан.