Жалал-Абад облусунда 29-мартта саат 10:51 чамасында жер титирөө катталды. ӨКМнын маалыматына ылайык, жер титирөөнүн күчү очогунда 5 баллга жеткен.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында 5 балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5 баллга чейин сезилген", - деп билдирет маалымат кызматынан.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.