Үйдөн чыкпай Beeline компаниясынын абоненти болуңуз!
Жарандардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыздоо максатында мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды эске алып, Beeline өзүнүн абоненттерине кам көргөн мекеме катары "Сим карталарды бекер жеткирүү жана балансты толуктоо" жаңы тейлөө кызматын ишке киргизет. Тиешелүү коопсуздук чараларын сактаган коргоочу экипировкачан кызматкерлер 24 саат бою сим-картаны жеткирип, балансты толуктап беришет.
Сим-карталарды бекер жеткирүү кызматы бар облустар dostavka.beeline.kg сайтында көрсөтүлгөн. Тизме толукталууда.
Эскертүү: Өзгөчө абал режимине байланыштуу ар бир буюртманын убактысы жекече такталат.
Сим-карталар даректин алыстыгына жараша бир күн ичинде жеткирилип берилет.
Сим-картаны жеткирип берүүгө кантип буюртма калтырса болот?
Сөзсүз эске алчу шарт. Балансты 300 сомдон жогору толуктоо. Эгер сизге сим-карта эмес, балансты толтуруу гана керек болсо, анда деле балансты 300 сомдон жогору бирдикке толтуруу керек болот.
Сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн үйдөн чыкпай коммуналдык, уюлдук төлөмдөрдү аткаруу жана сатып алууңуз үчүн кызматкерлер Balance.kg тиркемесин көчүрүп беришет.
Өзүңүздү жана жакындарыңызды сактап, дайым байланышта болуңуздар!