28-мартта Нарында "Лимонти" каймана аты менен белгилүү кримавторитет Алмаз Сулаймановду өлтүрүп кетишкен. Анын өлүмүнө шектүү катары 25 жаштагы Т.Ш. аттуу жаран кармалган.
Бүгүн, 30-март күнү шектүүнүн баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту карады.
"Анда шектүү 28-майга чейин камакка алынды. Ал УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди", - деп SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин ИИМдин басма сөз кызматы шектүү Бишкекке алып келингенин маалымдаган болчу.