Ысык-Көлдө 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында күнөөлүү деп табылган адамдын жазасы күчөтүлдү

Буга чейин Ысык-Көл облусундагы Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда 5 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгында BMW-Х5 унаасынын айдоочусу болгон 41 жаштагы аял күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылган.

Бирок жабыр тарткан тарап райондук соттун чечими менен макул болбой, облустук сотко кайрылышкан. Жыйынтыгында сот жазаны күчөткөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Сот күнөөлүү деп тапкан 41 жаштагы аялды 9 жылга эркинен ажыратып, 3 жыл унаа айдоого тыюу салды. Мындан сырткары сот күнөөлүү тарапка 90 миң сом өлчөмүндөгү айып салды", - деп жазылат маалыматта.

Окуянын чоо-жайы:

30-августта саат 17:35 чамасында Сары-Камыш жана Кызыл-Өрүк айылдарынын ортосунда BMW-Х5 унаасы менен BMW-523 үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен BMW-523 унаасында келе жаткан айдоочу менен төрт жүргүнчүсү окуя болгон жерден мерт кетишкен. Алардын арасында 1 жаштагы наристе да бар болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aslonur
2020-03-31 11:28:47
ХХХХХ 5 адам олумуно 9жыл берилеби? Же не крышасы кучтуубу сотту деле чумчуто койдубу?
+4
Jaka78
2020-03-31 11:47:42
конечно,крыша күчтүү да
+2
bond02
2020-03-31 12:08:31
Кучоткону 1жыл кошконубу?
+3
Dani
2020-03-31 12:29:39
Бир Адам олтурсо 15 жыл 5 адамга 9 жыл
+2
talaa11
2020-03-31 13:03:45
Акчанын кулу болгон соттор да бизде жалан женил жаза берилиптир эртен уй камагына чыгарса тан калбайм себеби соттордун оозуна акчадан тыгып койгон суйлогус кылып
+1
Kitep
2020-03-31 15:27:16
9жылга эркинен ажыратып,3жылга унаа айдоого тыйуу салганы кандай.же 9жылдан кийин 3жыл унаа айдабайт дегениби?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан