Эртең, 1-апрелде Жогорку Кеңеш жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет кезексиз жыйын өткөрөт. Аталган жыйында ишкерлер үчүн салык төлөмдөрдүн убактысын жылдыруу, айып санкцияларын убактылуу алып туруу жана башка жеңилдиктер талкууланат.
"Депутаттар жеке ишкерлерге жана чакан бизнес ээлерине алардын жумушу токтоп калган маалда кандай жардам көрсөтсө болорун чечишүүдө. Биз бул маселелерди кийин ишкерлер көп кыйынчылык тартпагандай кылып чечкенге аракет кылышыбыз керек", - деп жазылат маалыматта.