Кризистик абал учурунда акчаны сактап калуу жана аны көбөйтүү керек. Алтургай акчаны көбөйтсө дагы болот. Азыр коронавирус пандемиясы күч алып жатканда көпчүлүк адамдар аманатын "жаздыктын алдына катуу" менен чоң катачылык кетирип жатышат. Бирок дүйнөлүк экономисттер акчаны катууну таптакыр сунуштабайт. Тескерисинче, чогулткан акча депозиттик эсепте болбосо, анда аны депозит кылып сактоо эң жакшы. Депозит эмнеге маанилүү жана кандай аракеттерди жасоого болот? Кененирээк макаладан окуңуз.
Кризисте акча каражатын кантип сактоо керек?
Биринчиден, катып койгон каражатты алып чыгып ишенимдүү жакка, тагыраагы, коркунуч жаратпаган ири банктардын биринде сактап коюу керек.
Экинчиден, өзүңүздүн каалооңузга жараша же каржы адисинин кеңеши менен жыйынтыктоочу чечимди кабыл алуу керек. Мисалы акчаны депозит кылып сактоо же алтын куймасы түрүндө (же башка баалуу металл түрүндө) сактоо чечимин тандоо. Акчаны сактоо менен катар аны көбөйтүүнүн бул эки жолу эң ишенимдүү жана бир канча жылдар бою текшерүүдөн өткөн.
Эмне үчүн депозит? Банктарга болгон мындай ишеним кайдан пайда болду?
Кыргыз өлкөсүндөгү банктар ырасында эле ишенимдүү, бул акыркы 10 жыл ичинде аябай байкалууда. Бул убакыт ичинде республикадагы бир дагы банк лицензиясынан ажыратылган жок. Ошол эле учурда Орусияда 2019-жылы 43 банк ишмердүүлүгүн токтоткон. Кыргыз өлкөсүндө Улуттук банктын бекем жүргүзгөн саясатынын негизинде Орусиядагыдай окуялар катталган жок.
Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 23 банк каттоодон өткөн жана катуу көзөмөлгө алынган. Мындан бир нече убакыт мурда банктардын саны 25 болчу. Бирок банктардын бири ишмердүүлүгүн микрокредиттик уюм кылып өзгөртсө, "Бакай Банк" менен "БТА Банк" бирикти. Мындай биригүүдөн кийин "Бакай Банк" уставдык капитал (уставдык капитал боюнча 1-2-орунду мамлекеттик банктар ээлейт) боюнча алдыңкы үчтүктүн тизмесине кошулуп, өлкө боюнча филиалдык тармактар арасында 4-орунду ээледи.
Белгилей кетсек, 2015-жылы Улуттук банк банктык системдеги коопсуздукту камсыз кылуу максатында ар бир банкка уставдык капиталдын көлөмү эң аз дегенде 600 миллион сом болушу керек деген мыйзам кабыл алган. Өлкөдөгү ири жана ишенимдүү банктар көзөмөлдөөчү тараптын бул шарттарын мурда эле аткарышкан.
Депозит эмне үчүн маанилүү?
Депозит тууралуу кеңештер
Кыргыз жергесиндеги банктарда аманат акчаларды сактоонун эң жакшы шарты улуттук валюта - сом менен сактоо эң жакшы. Бирок сомдун куну түшүп, күчүн жоготкон учурда аманат акчаны эл аралык валютага - доллар же еврого алмаштыруу туура болот.
Дагы бир туура чечим делинип, өлкөдөгү банктардын системи менен таанышып чыгуу эсептелет. Эч болбогондо үстүртөн таанышып, акчаны ири банкта сактоо туура болот.
Дагы бир туура чечимдердин бири - акчаңыздын 30 пайызын сом түрүндө, 70 пайызын эл аралык валюта (доллар же евро) түрүндө депозит кылып сактоо керек.
"Бакай Банктын" депозиттик пайыздары менен банктын сайтындагы "Депозиттер" бөлүмүнөн тааныша аласыз.
Алтын куймалары боюнча кеңештер
Акчаны алтын же башка баалуу металл түрүндө сактоо эң жөнөкөй. Республикадагы бир катар банктар накталай эмес металлдык эсеп кызматын көрсөтөт.
Накталай эмес металлдык эсеп бир гана каражатты сактоонун жолу эмес, мындан каражат тапса болот. Анткени алтынга болгон баа дайыма өсүп турат. Алтынга болгон баанын жогорулашы белгилүү бир чекке жеткенде аны сатып жиберсеңиз болот. Анын үстүнө кризистик абалда баалуу металлдарга болгон баа өзгөрүлмө болуп, наркы жогорулайт. Аналитиктердин сунушуна ылайык, аманат акчанын 20-25 пайызын баалуу металл түрүндө сактоо керек.
"Бакай Банктын" накталай эмес металлдык эсеп боюнча кызматы менен таанышып, кеңири маалымат алуу үчүн банктын сайтындагы "Накталай эмес металлдык эсеп" атайын бөлүмүнө кириңиз.