Акыркы кезде рэп ырчысы Жигандын үй-бүлөсүнө жарака кетип жүргөн. Ырчынын жубайы модель Оксана Самойлова ажырашуу чечимин кабыл алганын социалдык баракчасы аркылуу билдирген.
"10 жыл чогуу жашап, ортодо 4 кичинекей бала турганда бир чечимге келүү аябай оор экен. Бирок менде башка арга калбады. Мен ажырашууга арыз берем. 10 жыл бактылуу жашаган күндөрүмдүн баары жалган болуп чыкты. Ал дайыма менден башка эч кимди сүйбөстүгүн, башка эч ким менен мамиле курбаганын айтып, ишендирип келген. Мен болсо ага ишенип жашаптырмын. Биз 10 жыл аралыгында урушкан деле жокпуз, бактылуу жашадык. Ишенип, сүйгөн адамың сыртка чыкканда, алмаштырып кетет деп ойлогон эмесмин. Ал эми экинчи себебин анын баракчасынан көрүп жатсаңыздар керек. Мен деле үй-бүлөнү биринчи орунга коюп келгем. Балдардын атасы, энеси жанында болсо дегем. Бирок мындан ары чыдай албайм. Балдарымдын мындай тозокту көрүп жашоосун каалабайм. Мындан ары 4 бала менен кантеримди деле билбейм. Бирок мурункуга караганда күчтүү болушум керек экенин билем", - деп жазган Самойлова.
Азырынча бул тууралуу Жиган пикирин билдире элек. Эске салсак, Жиган 18-февраль күнү 3 кыздан кийин уулдуу болуп, кубанычын элге жар салган эле. Андан кийин ал реабилитациялык борборго жатып калганы маалымдалган. Айрым маалымат булактары ажырашуунун себеби катары рэперди көңүлдөш күтүп кеткенин айтса, айрымдары жубайына кол көтөргөн деп жазышууда.