"Керемет Банк" Кыргызстандын каржы базарындагы санариптик технологияларды колдонуунун туу көтөрүүчүлөрүнүн бири катары кайталангыс тейлөөнү (өлкөдөгү карантиндик иш-чаралар шарттарында өтө талап кылынган) – мамлекеттик жана коммерциялык кызматтарды көрсөтүү боюнча онлайн-аянтчаны ишке киргизет.
Marketplace-платформасы – бул өз сегментиндеги инновациялык тиркеме, ал азыркы учурда кыргызстандыктарга реалдуу убакыт шарттамында ар түрдүү багыттар боюнча 30га чейинки расмий мамлекеттик маалымкаттарды берүүгө жол ачат:
Жогоруда аталган документтердин баары электрондук форматта саналуу секундда жана көпчүлүгү дээрлик акысыз берилет. Тандалган кызмат көрсөтүүнү активдештирүү үчүн шилтеме (https://services.keremetbank.kg/#/) боюнча кирүү жана жекече идентификациялык номериӊизди (ИНН) киргизүү керек, ал эми акы төлөнүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү үчүн "Керемет Банктын" интернет-банкингин туташтыруу талап кылынат, ал төлөмдөрдү өз алдынча жасоого жардамдашат.
Алдыда "Керемет Банктын" marketplace-платформасындагы жеткиликтүү сервистердин тизмеги көбөйө турган болот. Андан ары өнүктүрүү боюнча мерчемдерде кардарларды автоматтык түрдө онлайн-насыялоо мүмкүнчүлүгү бар бизнесмендер үчүн кошумча сатуулар каналын жана сатып алуучулар үчүн товарлардын кеӊири тизмеси бар интернет-дүкөндү ишке киргизүү турат.
Эгерде сизде ушул долбоор же банктын башка кызмат көрсөтүүлөрү боюнча суроолор жаралса, "Керемет Банктын" байланыш борборуна (0 312) 55-44-44 телефону боюнча кайрылыӊыз же call-center@keremetbank.kg кат жазыӊыз.