Футбол боюнча Нидерланды улуттук курамасынын жана англиялык "Ливерпуль" клубунун коргоочусу, профессионал футболчу Виржил ван Дейк "Барселона " футболдук клубунун жана Аргентина улуттук курамасынын чабуулчусу Лионель Мессини футболдогу эң оор атаандашым деп эсептейт. Бул тууралуу футболчу социалдык тармактагы баракчасына жазып калтырган.
"Футболдо мага каршы ойной турган бир нече мыкты чабуулчулар бар. Бирок мен эң кыйын атаандаш деп Лионель Мессини айтам. Ал топту алганда токтотуп калыш өтө кыйын. Англия Премьер-Лигасынан (АПЛ) ала турган болсок, Серхио Агуэрону эң кыйын атаандаш деп эсептейм", - деп билдирген ван Дейк.
Эске салсак, 2019-жылы "Алтын топ" сыйлыгын Лионель Месси утуп алган. Виржил ван Дейк Мессиден 7 упай артта калып, экинчи орунду ээлеген.