Казакстандын Кызыл-Ордо шаарында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Ошол маалда үйдүн ичинде кичинекей төрт бала болгон деп жазышат казак басылмалары.
"1-апрель күнү эртең менен криминалдык полиция ыкчам тобунун эки кызматкери турак үйдүн терезесинде ооздорун сүлгү менен жаап, жардам сурап отурган кичинекей балдарды көрүп калышкан. Ал учурда үйдөн өрт чыкканы сыртта турган адамга байкалган эмес. Полиция кызматкерлери баары бир балдардын абалын текшерип коюуну чечип, барышканда үйдүн ичин жалын каптап жатканына күбө болушкан. Дароо үйгө кирип, ал жактан төрт баланы алып чыгышып, балдарды кошуналарга беришкен да, кайра өрт чыккан үйгө келип, өрттү өчүрүшкөн. Балдардын улуусу беш жашта болсо, кичүүсү 1 жашка дагы чыга элек. Алардын абалы учурда жакшы, кырсыктан эч кимиси жабыркаган эмес", - деп жазышкан жергиликтүү маалымат булактары.
Кийин белгилүү болгондой, аталган турак үйдөн өрт чыккан маалда балдардын атасы жумушта болсо, апасы азык-түлүк алуу үчүн дүкөнгө кеткен жана эшикти кашык менен бекитип койгон.