27-августта Бишкек шаарынын мэринин Кубогуна болгон волейбол боюнча спартакиада башталды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, мелдештер Иштерман жылынын алкагында уюштурулууда. Спартакиада Исхак Раззаков атындагы КМТУнун базасында өтөт. Ага 7 эркектер, 4 кыз-келиндер командалары катышат. Финалдык оюндар 29-августка белгиленген.