"Мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу" мыйзам долбоору 1-апрелден тарта коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Курманкул Зулушев. Мыйзам долбооруна ылайык, жарандар мамлекеттик башкаруунун формасын тандайт.
"Президенттик республиканы же парламенттик республиканы - тандап алууну жарандарыбыз түздөн-түз референдумда аныктоосу зарыл. Баарыбызга белгилүү болгондой, мамлекеттик башкаруунун аталган түрлөрүнүн бир катар оң жана терс жактары бар.
Парламенттик республика – парламенттин пайдасына ыйгарым укуктардын бир айырмасы менен республиканын түрү. Парламенттик республикада өкмөт президенттин алдында эмес, бир гана парламенттин алдында жооп берет. Мындай башкаруу формасында өкмөт парламетте көпчүлүк добуш алган партиялардын депутаттарынын арасынан түзүлөт. Негизги кемчиликтери – өкмөттү тез алмаштыруусу, саясий туруксуздук, парламенттик фракциялардын тартибинин начарлашы, өз кезегинде партиялык жоопкерчиликтин негиздерин үзгүлтүккө учуратууга алып келет.
Президенттик республика – мамлекетте президент чоң ыйгарым укуктарга ээ. Президент эл тарабынан түз шайлоо аркылуу шайланат. Ал мамлекеттик бийлик бутактарынын мамилелерин жөнгө салат, өкмөттү аныктайт жана аны өзү жетектейт. Мыйзам долбоорлорун мыйзам чыгаруу органына киргизет, Куралдуу күчтөрүнүн башкы колбашчысы болуп саналат. Мамлекеттин атынан эл аралык аренага чыгат.
Президенттик республиканын артыкчылыктарынын бири болуп анын туруктуулугу жана эффективдүүлүгү саналат. Себеби президент чоң ыйгарым укуктарга ээ болуу менен мамлекеттин саясатын аныктайт. Негизги кемчилиги – бийликти бир адамдын колуна ашыкча топтоо, аны туура эмес колдонуу, көпчүлүк учурда бийликти кыянаттык менен пайдаланууга алып келет", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.