Жайыл районунун тургуну 50 тонна кара куурай менен колго түшкөнүн Чүй ОИИБинин Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Максат Чойбеков билдирди. Башкармалыкка Жайыл районунун тургунунан билдирүү түшүп, ыкчам чара көрүүдө аталган фактынын бети ачылды. Кылмышка шектүү 15 гектар жерге кара куурай өстүрүп жүрүптүр. Алдын ала эсептөөлөрдө ал жерден 50 тоннадан ашуун кара куурай алына турганы белгилүү болду. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.