КҮНСОБОЛ: Парламенттик башкарууну көздөй бараткан Кыргыз өлкөсүн мындай референдум кайра артка, президенттик башкарууга алып кетпейби? Сулайманов: "Бүгүнкү кырдаалда референдум өткөргөнгө эч кандай негиз жок"

Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев "Мамлекеттик түзүлүштү аныктоо боюнча референдумду дайындоо тууралуу" мыйзам долбоорун демилгеледи. Бул мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Мыйзам долбоору референдум өткөрүп, жарандар президенттик республиканы же парламенттик республиканы тандап алуусуна багытталган. Зулушевдин бул демилгеси коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

SUPER.KG порталы "Депутаттардын бири күзүндө парламенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өткөрөлү деп мыйзам долбоорун талкууга койду. Парламенттик башкарууну көздөй бараткан Кыргыз өлкөсүн мындай референдум кайра артка, президенттик башкарууга алып кетпейби?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүнкү кырдаалда референдум өткөргөнгө эч кандай негиз жок экенин айтты.

"Эл парламенттик башкарууну бир эмес, эки жолу 2010-жылы, 2016-жылы тандаган. Күзүндө референдумду парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрсөк чыгым болбойт деп жатат. Бул болбогон сөз. Эл парламенттик башкарууну же президенттик башкаруунун бирөөсүн тандайт да. Анда радикалдуу өзгөрүүлөргө барыш керек болот. Дагы экинчи жолу референдум өткөргөнгө туура келип калат.

Бүгүн башка көтөрө турган маселе толтура. Кырдаал оор, жашоо кыйындап жатат. Менин оюмча, бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште колдоо таппайт. Буга көпчүлүк депутаттар каршы. Алар бүгүнкү абалды жакшы түшүнүп турушат", - дейт Сулайманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан