Корейлердин хит болгон "Пусанга кеткен поезд" тасмасынын уландысы тартылды. Трейлери жүрөктүн үшүн алат...

2016-жылы Түштүк Корея тарткан зомби апокалипсисти сүрөттөгөн "Пусанга кеткен поезд" аттуу триллер эсиңиздеби? Эми бул фильмдин уландысы тартылды. Анын тизери "Жарым арал" деген аталыш менен чыкты.

"Пусанга кеткен поезд" фильминин уландысы. Анда мурдагы вирус каптаган апааттан 4 жылдан кийинки окуяны сүрөттөйт. Түштүк Корея коркунучтуу вирус алдында калат, адамдар зомбиге айланып, өлкөдөгү кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетет. Оору таркап кетпеши үчүн өлкө толугу менен изоляцияга алынат. Ага карабастан вирус туш-тарапка жайылат. Ар кайсы жерде саналуу гана адамдар калат. Бирок алар да оор кырдаалга кептелет. Себеби оор шартта, катуу эрежелер менен аскер кызматкерлеринин же колунда куралы бар адамдарга көз каранды болуп жашоого мажбур болушат. Зомби менен адамды тордун ичине камап согуштуруу кадыресе көрүнүшкө айланат. Башкы каарман аскер кызматкери Жун Сук (Кан Дон Вон) өлкөдөн качып кетүүгө үлгүргөн, бирок мекенинде болуп жаткан апаатты өз көзү менен көрүү үчүн кайтып келүүгө туура келет.

Аталган фильмди зомби апокалипсистин биринчи бөлүгү болгон "Пусанга кеткен поезд" триллеринин жаратуучусу режиссёр Ён Сан Хо тарткан. Фильмде Кан Дон Вондон тышкары, Ли Жон Хён жана Ли Рэ да тартылган. Фильм экранга ушул жылдын август айында чыгары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Bekish-
2020-04-04 00:27:49
Жакшы кино
0
Suzak12
2020-04-04 01:20:16
Жакшы кино уландысы болот экенда.
0
KalenAlmaz
2020-04-04 01:57:18
Журоктун ушун алган ностаящий кино ушул убакыттарда болтат дуйно жузундо.
0
uli0404
2020-04-04 12:48:43
Канча көрсөңда тажабаган кино
0
nurhan2702
2020-04-05 12:49:44
"Пусанга кеткен поезд" бул баягы фильмби, акырында кичинекей кыздын атасы да зомбиге айланып баратканда поездден секирген?
+2
Mira041193
2020-04-10 21:32:50
nurhan2702,ооба ошол кино
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан