Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылында эки коңшу уруша кетип, бири каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 4-апрель күнү болгон.
"Анда эки коңшу уруша кетип, бири экинчисине бычак сайган. Анын кесепетинен жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Чүй ОИИББинин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, окуя тастыкталып жатканын, толук маалымат эртең, 6-апрелде берилерин билдирди.