Ырчы Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу Хуан менен баарлашып, күйөрмандарынын суроолоруна жооп берди

Алгач өзүн кыргыздын демимин деп тааныткан, кийинчерээк ырчылык жаатка өткөн Гүлзат Мамытбек мурунку жолдошу эквадорлук режиссёр Хуан Буэндиа (Juan Buendia) менен Инстаграм баракчасында түз эфир аркылуу баарлашып, катталуучулардын суроосуна жооп берди.

Гүлзат түз эфир учурунда "Хуан былтыр жолдошум болчу. Жашоодо ар кандай нерселер болуп кетет экен. Экөөбүз ажырашканбыз. Бирок дос боюнча калдык" деди катталуучуларына. Ошондой эле күйөрмандарынын "Эмнеге ажырашып кеттиңер?" деген жеке жашоосуна тиешелүү ар кандай суроолору дарегине жетпей, жоопсуз калды. Дегенибиз, башка суроолорду Хуан мырзага которуп берген ырчы айым экөөнө байланыштуу темадан "Антип сурай бербегиле да, болду" деп аттап өтүп кетип жатты.

Баарлашуудан эквадорлук Хуан мырзанын 35 жашта экендиги жана ал Кыргыз өлкөсүнө келип, Манас баатыр тууралуу тасма тартары маалым болду. Ошондой эле ырчы айым "Хуан мыкты режиссёр. Ал тасманы тартат, мен актриса болом", - деп алдыңкы пландары менен бөлүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
TalaCSKA
2020-04-05 23:16:02
Ушул Хуанга маданият министерлиги Манас жонундо кино тартканга уруксат бербегиле анкени кайдагы бир режиссер Манас жонундо кино тартса мурунку аялын Каникейдин ордуна тартат анда Манас эпосу менен коштошуп койгула.элестеткиле Гульзат Мамытбек Каникейдин ордуна ???и вообще Хуан Муан эмес даже Питер Джексон тартам десе ойлонуп коруш керек анткени Манас училиги дуйнодогу эн улуу жана коломдуу эпос!!!
+41
jalguzum
2020-04-05 23:17:41
Булардын кыргыз элине не кереги бар? Пайдалуу жана элге улгу боло турган адамдарды чыгарсанар
+20
aybek88
2020-04-05 23:59:17
jalguzum, дагы бир сайт бар атын очкур алардын денгели мотуй
+10
Barak-9494
2020-04-05 23:29:30
Бул кыз ырчы болуп кеткенби
0
Dani
2020-04-05 23:34:26
Кичине унунуп калганда дагы чыктыбы аллергия ушучу
+12
Chungyz
2020-04-05 23:43:41
рухий жактан ооруп калган
+8
Omar.
2020-04-05 23:44:46
Былтыры күйөөм эле, быйыл дос болуп калдык дептир.
7-класста окуган бала Айжамал былтыры девушкам эле, быйыл дос боюнча калдык дегендей эле го.
+20
Sunera
2020-04-06 00:29:09
Omar.,Айжамал де
+3
Zaiyr118
2020-04-06 00:46:29
Кайрат кыргыз алса,тийип алса өлө жарашат эле,Хуан муан дебей эле.
+10
aizbek
2020-04-06 09:53:58
Бул шермендени Хуан жездебиз ала кетпеген экен да,ырчыбы дагы?
+3
samirabi
2020-04-06 12:12:29
Ушуну чыгарбагылачы,адамды аллергия кылып.Мунун жашоосу кимге кызык.
+1
guli-1980
2020-04-06 15:07:17
Супер инфо теманы туура койнулачф. Гулзат ырчы беле?
+2
rususu
2020-04-06 16:08:29
Манастын мсын биле бекен озу,хуан дегенин.
+2
PROS
2020-04-06 16:28:08
"Ааламды суу каптаса өрдөккө баары бир" деген ушулар экен да)))
+2
Alinur96kg
2020-04-06 16:54:17
Азыр ойубуз коронавирустан кантип кутулабыз деп баш оорутуп атканда,мунун куйоого тийеби же ажырашабы эч кызыкчылыгы жок.Менин жеке ойум.
+1
baku24
2020-04-06 21:20:38
Сен актриса болсон шумдук актриса болосун да. Куйоон менен соттошкондогу истерикан али эстен кете элек. Кинодо Каныкейдин образын аткарып, Манас олгон жерде ошондой бир истерика болуп кой элдин эсинен дагы бир он жыл кетпей каласын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан