Ысык-Көлдө 2 адамды өлтүргөнгө шектелип жаткан кароолчу Сергей Смирновдун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн жансыз денеси 4-апрель күнү табылган. Бармак издери шектүү Сергей Смирнов экенин аныктаган.
Окуянын чоо-жайы:
2019-жылдын 4-июлунда Түп айылынын тургуну 29 жаштагы Сергей Смирнов Вепрь үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен Эңилчек жайлоосунда жайгашкан "Хан-Теңири" лагеринин директорунун орун басары А.Д.ны жана аталган жерде ар кандай жумуштарда иштеген М.К.ны атып өлтүргөн. Мындан сырткары ошол жерде иштеген Л.И.ни барымтага алып, кийин кайра коё берген.
Ошондон бери шектүүгө издөө жарыяланган.