5-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районунда нөшөрлүү жаан-чачындан улам арыктан суу ашып, 15ке чукул үйдүн короолорун суу каптады. Маалыматты ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашып, жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдиришти.
"Кара-Суу районунда 5-апрель күнү саат 23:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен арыктан суу ашып, Фурхат айылынын Зулпуев көчөсүндөгү турак үйлөрдүн жер төлөөлөрүн жана короолорун суу каптаган.
Тазалоо иштерине Кара-Суу райондук 3 куткаруучу жана райондук комиссиянын кызматкерлери тартылган.
Жеринде куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруу иштерин жүргүзүшкөн. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иш-чараларын жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.