Бишкекте "Тез жардам" кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылып, 2 медицина кызматкери жаракат алышты

Бишкекте "Тез жардам" кызматынын унаасы жол кырсыгына кабылып, 2 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 6-апрелде саат 11:00дө Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды.

"Тез жардам" кызматынын унаасы менен Тойота Камри үлгүсүндөгү унаалар капталы менен сүзүшүп кетти. Кырсыктын кесепетинен 2 медицина кызматкери денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, ооруканага жеткирилди. Айдоочулардын абалы жакшы", - деп билдирет мекеменин маалымат катчысы.

Учурда жол кырсыгы боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nina.alex
2020-04-06 15:01:55
Ээч бир машина жокто не болду сузушуп буларга
+3
algakaray
2020-04-06 15:24:32
Ошо эч бир машина жокто жаман, ойлошот жол бош деп тиги да буда катуу айдайт анан.
+3
Aidar151080
2020-04-09 12:25:01
Тойота Камринин ээсинин көзүн май басып калган го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан