ЖЫЛНААМА, 6-АПРЕЛЬ: 10 жыл мурун Талас облусунда күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуу болгон

2010-жылы 6-апрелде жашоо-турмуштун улам оорлоп баратканына чыдабаган эл Талас жана Нарын облустарында митингге чыга башташкан.

Бул күнү эртең менен Таласта милиция кызматкерлери "Ата Мекен" партиясынын лидерлеринин бири Болот Шерниязовду "Мамлекеттик ыңкылап жасоого аракет кылды” деген негизде камакка алышкан. Түшкө маал 3 миңге жакын адам облустук администрацияга барып, губернаторду барымтага алып, Болот Шерниязовду камактан чыгарышкан. Ошол эле мезгилде Нарында аксакалдар чогулуп, губернатор Алмазбек Акматалиевди "эл тарапка өт" деп үндөй башташкан. Саат 16:10до Таласта митингге чогулган эл Курманбек Бакиевдин сүрөтүн өрттөшүп, Элдик курултай комитети Таластагы окуялардан улам укук коргоо органдарына кайрылуу жасап, элге каршы курал колдонбоого чакырган. Ошол эле күнү кечинде Таласка 5 тик учак менен атайын даярдыктан өткөн аскерлер жеткирилип, ошол учурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов маалымат жыйынын өткөрүп, Таласта абал тынч экенин айткан.

Кечинде Таласта Болот Шерниязовду Улуттук Коопсуздук кызматынын адамдары кайрадан кармап кетишкен. Ал эми Ош шаарында милиция кызматкерлери оппозициячы Дүйшөнкул Чотоновду, Бишкекте “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди күч органдары үйүнөн кармап кетишкени тууралуу кабар тараган. Мындан сырткары Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет жасалганы маалымдалган.
Түндө эл кайрадан облустук администрациянын имаратын басып алып, күч органдары Талас Ички иштер башкармалыгынын имаратына жашынышкан. Бишкекте Эмил Каптагаев менен Турат Мадылбеков, Ошто Анвар Артыков камакка алынган.
6-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан