Президент: "Апрель окуяларынан терең сабак алып, элдин эркине каршы келген чечимдерге эч качан жол бербейбиз"

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Быйыл Апрель элдик революциясына 10 жыл толду. Кыргыз өлкөсүнүн соңку тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты болгон бул окуянын саясий жана тарыхый мааниси чоң. Жыл өткөн сайын бул элдик революциянын баасы, калтырган сабагы даана билинип жатат. Адилетсиз бийликке каршы туруп, атылган октон жалтанбаган каармандарыбыз өз өмүрүн Кыргызстандын келечегине арнашты. Бул күн - биз үчүн ыйык. Шейит кеткендердин умтулган тилектери - алардын бизге калтырган осуяты.

Элибиздин азаттык сезимин, эркиндик рухун көрсөткөн 7-апрель жыл сайын салтанатуу белгилене турган дата. Элдик революциянын 10 жылдыгына арнап, атайын жарлыкка кол коюп, бир нече иш-чараларды белгиледик.

Алардын катарында Апрель жана Аксы окуяларында шейит кеткен баатырларыбыздын элесин түбөлүккө калтыруу максатында "Таазим“ эскерүү музейи курулду. Адамзатты каптап келген илдеттин кесепетинен улам, жалпы элдик иш-чаралар өткөрүлбөй калды. Апрель революциясынын идеяларын турмушка ашыруу — дайыма күн тартибинде турган милдет. Биз бул окуялардан терең сабак алып, элдин эркине каршы келген чечимдерге эч качан жол бербейбиз.

Апрель революциясы мамлекетибиздин башкаруу системин өзгөртүүгө түрткү болду. Парламенттик демократияны орнотуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды. Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз. Сөз эркиндигинин мааниси артты. Жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулады. Бирок революциянын максаттары, талаптары ишке толук ашпай калган. Аларды азыр жүрүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары катары аныктап, турмушка ашырууну көздөп жатабыз.

Бүткүл дүйнө кыйын кезеңди баштан кечирип жаткан мезгилде, сиздерге дагы бир жолу кайрылам. Учурда баарыбыз - мамлекеттик бийлик, жалпы коом, ар бир мекендешибиз чоң сыноого туш болду. Илдетке каршы багытталган чаралар, калктын аярлуу катмарын колдоого арналган кадамдар, ишкерлердин түйшүгүн жеңилдетүүнү көздөгөн иш-чаралар аткарылып жатат. Бул илдеттен жарандарыбыздын айыга баштаганы - дарыгерлердин тынымсыз эмгегинин натыйжасы - баарыбыз үчүн жакшы кабар. Өз өмүрүнө болгон коркунучка карабай, күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерибизге элибиздин атынан дагы бир ирет терең ыраазычылык билдирем!

Дарыгерлерибиздин эмгегин жогору баалап, укук коргоо органдарынын ишин колдоого милдеттүүбүз. Эч кимдин "бул илдет мага келбейт, мага жукпайт" деп тобокелдикке барууга акысы жок. Өзгөчө кырдаалдын тартибин бузгандар өзүнүн үй-бүлөсү, туугандары үчүн гана эмес, өлкөнүн бардык жарандары үчүн коркунуч жаратат. Азыр дүйнө боюнча илдетке чалдыккандардын саны миллиондон ашты. Кыргыз мамлекетинде да оору жугузгандардын саны өсүп жатат. Тилекке каршы, каза болгон да учур катталды. Ошондуктан сиздерге дагы бир жолу кайрылам, ар бир жараныбыз, кары-жашына, ээлеген кызматына, коомдогу ордуна карабай, медициналык талаптарды так аткарып, үйдөн чыкпай, тартипти бекем сактоого милдеттүү.

Мындан да оор кыйынчылыктарды биримдикте, бири-бирибизди колдогон тилектештик менен жеңип келгенбиз. Бул келген сыноо да элибизди чыйралтты. Ынтымагын бекемдеди. Буюрса, Кудайдын колдоосу менен азыркы кырдаалдан да чыгабыз", - деп айтылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан