Бүгүн Апрель ыңкылабына 10 жыл толду. Буга байланыштуу Убактылуу өкмөттүн башкы фигураларынын бири, учурда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Азимбек Бекназаров элге жана президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду.
ОКУЛБАЙ КАЛГАН ДОКЛАД...
Кутмандуу кыргыз калкым!
Урматтуу президент!
Туптуура 10 жыл мурда, так ушул 7-апрель күнү бүткүл дүйнө эли «бали кыргыз», «жаша кыргыз» деп кыргызга суктанган, тамшанган күн болгон.
Ошол ары сыймыктанчу, ары кайгылуу тарыхый күндүн бир гана ээси - өзүңсүң, кутмандуу кыргыз элим. Сиздерди ушул бүгүнкү тарыхый күнүбүз менен, ошондо араңарда жүргөн бириңер катары чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Үй-бүлөлүк башкарууга каршы болгон күрөштө шейит болгондордун жакындарына орду толгус кайгылары үчүн көңүл айтам.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, быйылкы 7-апрель, мурдагы жылдардагыдан башкача, өзгөчө белгилениши керек. Анткени ошол ары кайгылуу, ары тарыхый күнгө бүгүн 10 жыл толуп олтурат. Убактылуу өкмөт тарабынан белгиленген 10 жылдык өткөөл мезгил да аяктоодо.
Бүгүн биз, мурдагыдай 7-апрель элдик ыңкылаптын келип чыгышынын, анын себептерин, баатырларын, күнөөлүүлөрүн кайталап айтуунун кереги жок деп эсептейм. Баары такталган, айтылган, жазылган. Калганы тарыхчылардын иши.
Биз бүгүн ээлеген кызмат ордубузга, социалдык абалыбызга карабай, айрыкча урматтуу президент - сиз, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү, башка мамлекеттик чиновниктер, саясатчылар, журналисттер, Апрель баатырлары, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү - баарыбыз бири-бирибиздин көзүбүзгө тике карап, ачуу чындыктан тайбай, көтөрүмдүү, чыдамдуу болуп, "10 жылдык өткөөл мезгилде элдик ыңкылап өз максатына жеттиби? Негизги талаптар ишке аштыбы?" деген суроолорго ачык жооп беришибиз керек! Элге отчёт берчү күн келди!
Элибизге миң мертебе таазим, алар ушул суроолорго жоопту 10 жылдан бери күтүп, 10 жыл бийликке толук мүмкүнчүлүк берди. Чыдады. Дагы деле үмүтү үзүлө элек...
1. Менин жеке пикиримде элдик ыңкылап өз максатына толук жете элек. Муну мен 10 жыл бою айтып келдим. Бирок 10 жылдык өткөөл мезгилде эң башкысы:
- Элдин жеңиши өлкө ичинде эле эмес, эл аралык деңгээлде да саясый жана укуктук жактан де-юре, де-факто биротоло таанылды, бекиди;
- Бүгүн кыргыз эли Борбордук Азияда эле эмес, бүтүндөй постсоветтик аймактагы саясый жактан эң эркин элдин бирине айланды;
- Кыргызстанды монархиялык республикага айлантуу үчүн үй-бүлөлүк «Ак жол» парламентинин конституциялык реформасы, президенттик кеңешмеси, Максим Бакиеви менен тарых таштандысына ыргытылды;
- Мамлекеттик бийликти башкарышкан президент менен Жогорку Кеңеш өткөөл мезгил ичинде Конституция менен мыйзамдарда бекитилген тартипте, мөөнөттөрдө эки жолудан алмашылды. Бийликтин тынчтык жолу менен, мезгил-мезгили менен алмашып, жаңыланып туруусу айнылгыс жолго түштү.
Жана башка бийликтин милдетине кирген күнүмдүк, утурумдук иштер аткарылууда.
2. Ошону менен бирге 10 жылдык өткөөл мезгилде 7-апрель элдик ыңкылабынын төмөнкү негизги максат, талаптары ишке ашкан жок:
- Президенттик мыйзамсыз жеке башкаруу жоюлбады. Болгону таза үй-бүлөлүк түрүнөн үй-бүлөлүк парламент, үй-бүлөлүк партия, депутат, үй-бүлөлүк өкмөт түрүнө алмашылды;
- Үй-бүлөлүк башкаруунун, бийликтин системасындагы коррупциянын булагы болгон үй-бүлөлүк депутаттарды аныктоо, партияны түзүү, аны менен үй-бүлөлүк парламентти, өкмөттү, башка бийлик органдарын жаратуу, шайлоолордо өздөрү түзгөн партиялык тизмени шайлатуу жоюлган жок, кайра өнүктүрүлүп, бекем корголууда;
- Эки элдик ыңкылаптын башкы талабы болгон, эгемендүүлүк доорундагы бардык парламенттердин (азыркыны кошпогондо) атайын комиссия комитеттери, нечендеген саясий-коомдук уюмдар, элдик курултайлар, конференциялар, жеке инсандар тарабынан нечен ирет көтөрүлгөн, айтылган 1-президент тарабынан чет элдиктерге мыйзамсыз сатылып, кийинкилери аны бекемдеп, улантып жүрүшкөн «Кумтөр» «Жер-Үй» жана башка кен-байлыктарыбызды мамлекетке кайтаруу, бекем мамлекеттик көзөмөлгө алуу, элдин кызыкчылыгында иштетүү болгон жок. Кен-байлыктарыбыз толугу менен 1992-жылдан бери чет элдиктердин колунда калып, колдон-колго сатылып жүрөт. Элдин (мамлекеттин) үлүшү же акциясы жок;
3. Өткөөл мезгилде:
- Кыргыз улутун заманбап кайра жаратуучу, жаңылоочу улуттук идеология, алга өнүгүүнүн улуттук жолу аныкталбады.Тескерисинче, нечендеген кылымдар бою улуттун конституциясы катары калыптанган, кыргызды бир бүтүн улут катары бириктирип, сактап келген, анын каада-салтын, үрп-адатын, маданиятын, тарыхын, тилин, динин (салттуу мусулманчылык) жок кылуу, кыргыздын өзүн бөлүп жаруучу, басмырлап-кемсинтүүчү, шылдыңдоочу жосун-жоруктар, аракеттер, эң жогорку деңгээлдеги кызмат адамдары, айрым «киргиз» батышчылар, ашкере исламчылар, секталар, алардын ММКлары, интернет-сайттары аркылуу ачыктан ачык чыгуу көбөйдү;
- Кыргызды арабдаштыруу, либералдаштыруу же улут катары жок кылуу максатында сырт жактан атайын долбоор түрүндө келген акчаларга иш-чараларды өткөрүү, укуктук реформа жүргүзүү көбөйдү;
- Саясат менен бизнес аралашып, мамлекеттик бийликти коммерсант саясатчылардын колуна биротоло өткөрүү;
- Өзүңдүн кыргыз экениңди ачык көрсөтүүнү өз паспортуңдан өчүрүү;
- Сатыла элек стратегиялык объектилерди чет элдиктерге ит бекер сатуу;
- Батукаевдин мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылышы жана башка ушундай сыяктуу улуттун намысын кетирген жоруктар так ушул өткөөл мезгилде болуп, ага эң жогорку мамлекеттик органдардын кызмат адамдары бирдиктүү аракеттенишкени тынчсыздандырбай койбойт;