Депутат Руслан Казакбаев: "Апрель революциясы такыр эле максатына жетпей калды деп айта албайм". КҮНСОБОЛ

Апрель революциясына 10 жыл толду. 7-апрель Кыргыз өлкөсүндө Апрель революциясы болгон күн. 2010-жылы Талас, Нарын шаарларында бийликке карата нааразычылык иш-чаралары башталган. Мындан улам ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозициялык саясатчыларды камакка алган. 7-апрелде эл камакка алынгандарды бошотуу талабы менен чыгышып, Бакиевдин бийлигин кулатышкан. Бул күнү 100гө жакын киши окко учуп, бир канча адамдар ар кандай жаракат алышкан. Көп учурда ошол окко учкандардын каны акталдыбы деген суроо туулат.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Апрель революциясы максатына жеттиби, жүзгө жакын жарандын каны акталдыбы?" деген собол салды.

Убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кемчиликтер болгонун айтты.

"Бүгүн Апрель революциясына 10 жыл болду. Бул Кыргыз мамлекетинде болгон маанилүү окуяны жыйынтыктаганга 10 жыл толук жетишээрлик убакыт. 10 жыл мурун Кыргыз эли ошол убактагы авторитардык режимге каршы чыгып, кыргыз элине зордук-зомбулук, үй-бүлөлүк кландык башкаруу орнотуу мүмкүн эмес экенин бүтүндөй дүйнөгө көрсөтүшкөн. Ошол убактагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, ар түрдүү саясий лидерлер, элибиз аябай чоң максат коюшуп, Кыргыз өлкөсүн демократиялык жолго түшүрөбүз, Кыргыз мамлекетинде адилеттүү, калыс, мыйзам үстөмдүгү бекем болгон демократиялык, экономикалык жактан өнүккөн, коррупциясы жок алдыңкы мамлекет кылабыз деген чоң максат менен аянтка чыгышкан. Тилекке каршы, ал убакта өзүңүздөр билгендей, ок атылып 100гө жакын жарандарыбыз шейит кетти. Дагы бир канчасы жаракат алды. Бүгүн каза болгондорго таазим кылабыз. Революцияга катышкан лидерлер бийликте, Жогорку Кеңеште бар. Ар түрдүү себептер менен абакта, үйдө отургандар да бар. Ал жакта биринчи максат Кыргыз мамлекетиндеги авторитардык режимди кайра демократияга кайтаруу болчу. Ошондой эле парламентаризмге өтүү максаты коюлган. Мыйзам чыгаруу бийлиги, президент, аткаруу бийлиги ортосундагы тең салмактуу саясий систем куруу боюнча чоң максат бар болчу. Ал убакта парламенттик-президенттик систем керек болгон. Биз толук парламентаризмге өткөн жокпуз. Эми эл өзү чечет. Ар бир бийликтин булагы эл. Апрель революциясы максатына жеттиби же жокпу биринчи бааны эл берет. Ошол убактагы саясий системдин өзгөрүшү боюнча максатка жетти деп айта алам. Бирок Кыргыз мамлекетиндеги коррупцияны түп-тамыры менен жок кылуу, ошол убактагы Кыргыз мамлекетин экономикалык өнүккөн мамлекетке жеткирүү жана сот реформаларын жүргүзүү боюнча иштер толугу менен максатка жеткен жок. Мындай иштер тынбай жүргүзүлө бериш керек. Аны түшүнүп турабыз оңой иш эмес. Апрель революциясында каза болгон баатырларыбыз, алардын жакындарынын ой-максаттары аткарылбай калбаш керек. Ал дайыма эсибизде болушу керек. Ар бир Кыргыз жараны, бийлик бул окуядан чоң сабак алыш керек. Бардыгыбыз ал тарыхты эстен чыгарбашыбыз керек. Мындай убакта жалпы максатыбыз демократиялык, экономикалык жактан өнүккөн мамлекетти куруу болуусу шарт.

Апрель революциясы такыр эле максатына жетпей калды деп айта албайм. Ооба, кемчиликтер да орун алды. Бардыгы ар түрдүү саясий оюндардын тегерегинде болду. Тилекке каршы, ошол убакта ар бир саясатчынын өзүнүн кызыкчылыктары башталды. Саясий оюндардын негизинде кадрдык тандоолордо, ар бир программалардын ишке ашырылышында кемчиликтер болду. Ошон үчүн бүгүнкү күнгө чейин экономикабыз аксап келет, коррупцияга каршы күрөшүү дагы уланып жатат", - дейт Казакбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан