Апрель революциясына 10 жыл толду. 7-апрель Кыргыз өлкөсүндө Апрель революциясы болгон күн. 2010-жылы Талас, Нарын шаарларында бийликке карата нааразычылык иш-чаралары башталган. Мындан улам ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлиги оппозициялык саясатчыларды камакка алган. 7-апрелде эл камакка алынгандарды бошотуу талабы менен чыгышып, Бакиевдин бийлигин кулатышкан. Бул күнү 100гө жакын киши окко учуп, бир канча адамдар ар кандай жаракат алышкан. Негизи көп учурда ошол окко учкандардын каны акталдыбы деген суроо туулат.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Апрель революциясы максатына жеттиби, жүзгө жакын жарандын каны акталдыбы?" деген собол салды.
Экс-министр Нурланбек Шакиев бийликти же бийликтегилерди эмес, системди алмаштыруу керектигин белгиледи.
"Мындан он жыл мурун чыныгы элдик ыңкылап болдубу же сырткы күчтөрдүн айдагы менен төңкөрүш болдубу аны тарых тактайт. Он жыл аралыгында кыргыз элинин утушунан утулушу көп болду. Өлкөнү Атамбаев баштаган кылмыштуу топ алты жыл каалагандай калчап, экономиканы эле эмес, эл чарбасынын бардык тармагын талкалашты. Элдин жашоосунда өсүш болбой эле, өксүк болду. Өлкөнү билимсиз, тажрыйбасыз адамдар башкарышып, "башкара албаган элди бузат..." болуп элибизди бузду. Өлкөбүздү тышкы карызы эселеп өсүп, элибиздин келечеги туңгуюкка капталды. Бакиевдин бийлигинен эки эсе кейиштүү, бечел, коррупциялашкан систем орноду. Ошонун кесепетинен азыркы күндө да арыла албай жатабыз.
Эми бардык үмүт күздөгү парламенттик шайлоодо. Ошондо кыргыз эли акчага азгырылбай, жердешчиликке, тууганчылыкка моюн бербей, бийлигине карабай, партиялардын программаларына, көз караштарына карап тандоо менен добуш беришсе, балким, келечегибизди түздөп кетебиз. Болбосо дале шорлоп жүрө беребиз.
Биз бийликти же бийликтегилерди эмес, системди алмаштырышыбыз керек. Антпесек азыркыдай бийлик системи менен ай сайын бийликти же бийликтегилерди, тактап айтканда, өкмөттү, министрлерди күнүгө алмаштырсаң да эч нерсе өзгөрбөйт", - дейт Шакиев.