7-Апрель революциясынын 10 жылдыгына арналып тартылган «Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» аттуу тасма бүгүн, 7-апрель күнү телеканалдардан көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мамлекеттик тапшырма менен Апрель Элдик революциясынын 10 жылдыгына арналып тартылган «Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» аттуу толук метраждуу даректүү тасмасы бүгүн телеканалдардан көрсөтүлөт. Фильмдин режиссёру Кыргыз Республикасынын Эл артисти Бакыт Карагулов. Тасмада ата-бабаларыбыздын басып ɵткɵн жолу жана кыргыз элинин эгемендүүлүккɵ ээ болгонунан тарта 2010-жылга чейинки окуялар камтылат.
«Менин жалгыз мекеним бар – ал Кыргызстан» тасмасы бүгүн, 7-апрелде КТРК каналдарында саат 20:05те, "Ала-Тоо 24" каналында саат 21:45те, "ЭлТР"де саат 22:40та эфирге чыгат", - деп жазылат маалыматта.