"Куран окулуп, гүл коюлду". Президент элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерди (фото)

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу Апрель окуяларында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришип, сүрөттөрү жарыяланды.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, утурумдук өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышканы жазылат маалыматта. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн түштүк аймагына барып келген иш сапарынан кийин үй карантинине алынган.

Жээнбеков "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду. Куран окутулду. Андан кийин президент Апрель революциясынын хроникасы тууралуу санариптик сүрөт, видеолор, маалыматтар, Апрель революциясынын баатырларынын портреттери сакталып турган "Таазим" тарыхый-мемориалдык музейин көрүп чыккан.

"Өлкө башчысы эскерүү китебине Апрель окуясынын мааниси тууралуу пикирин калтырды. Саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориалга, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалга да гүл коюлду.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы Аксы окуясында жана Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстелик монументине гүл койду", - деп маалымдалат аппараттан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан