Ноокенде аялы күйөөсүн бычактап, жабырлануучу ооруканага жетпей каза болду

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда үй-бүлөлүк чырдан улам 47 жаштагы аял жолдошуна бычак сайып, ал ооруканага жетпей көз жумду. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, 31-март күнү саат 15:00 чамасында чыр чыгып, аял тамак жасап жаткан ашкана бычагы менен жолдошунун көкүрөгүнө сайып жиберген. Жабырлануучу ооруканага жетпей үзүлгөн.

"Бул факты Ноокен РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү аял камакка алынды. Ал 1973-жылы туулган З.И. аттуу жаран", - деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
algakaray
2020-04-08 12:51:09
Кечээ эле олкодо кылмыштулуук азайды, уч эле эле адам олтуруу болду деп жанылыктардан айтты эле.
+1
Aikaaaa
2020-04-08 13:23:32
Карантин убагында зордук зомбулук мурдакыдан да күч алып аткан экен. Францияда, Кытайларда ажырашкандар көп болуп жатыптыр. Эми чужая семья темный лес, балким күйөөсү ошого жеткирди, ким билет
-3
KalenAlmaz
2020-04-08 14:05:38
15 чейин озгочо абал,кырдаал киргизилген бирок кундон кунго вирус жугузгандар гобойо баштады,эгер карантинди узарта турган болсо анда иш чатагына айланат.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан