8-апрель күнү саат 20:00дөн 23:50 чамасына чейин Нарын облусунун аймагында шамал катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, Ат-Башы районунда шамалдын ылдамдыгы секундасына 23-25 метрге чейин жетип, калктуу конуштардагы турак жайлардын, чарбалык курулуштардын жана административдик имараттардын чатыр жабууларынын шиферлерин учуруп, зыян келтирген.
Учурда Ат-Башы райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан үч багыт боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
"9-апрель күнү саат 17:00гө карата 7 айыл өкмөттө тактоо иштери жүрүп, алдын ала маалымат боюнча, 18 турак жайдын 394 чарчы метр чатыры, ошондой эле чарбалык курулуштардын 293 чарчы метр аянттагы чатырча жабуусу жараксыз абалга келгендиги маалым болду. Комиссиянын текшерүүсүнүн жыйынтыгында, келтирилген чыгымдар аныкталып, кошумча маалымдалат", - деп билдиришти ӨКМдан.