Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп Нурболот Үсөнбаев дайындалды

Бүгүн, 9-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен өлкөнүн башкы санитардык дарыгери, саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп Нурболот Үсөнбаев дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Үсөнбаев Нурболот Төлөшович:

1962-жылы 23-апрелде Фрунзе шаарында төрөлгөн.

1985-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун Санитардык дарыгер адистиги боюнча бүтүргөн,

1985-1986-жылы - өзү аяктаган окуу жайдын Эпидемиология кафедрасында ассистент,

1986-1992-жылдары - Жети-Өгүз райондук санитардык-эпидемиологиялык станциянын эпидемиология бөлүмүнүн башчысы, дарыгер-эпидемиолог,

1992-1998-жылдары - Тоң райондук санитардык-эпидемиологиялык станциянын башкы дарыгери,

1998-1999-жылы - Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын бөлүм башчысы,

1999-2002-жылдары - ушул эле мекемеде Эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгынын башчысы,

2002-2006-жылдары - Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин башкы директорунун орун басары,

2006-2012-жылдары - Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин алдындагы СПИД менен күрөшүү Фонду долбоорунун менеджери,

2012-2013-жылы - Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинде бөлүм башчы,

2013-2014-жылы - Мамлекеттик санэпидкөзөмөл департаментинин директорунун орун басары,

2014-2015-жылы - Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун жетекчиси,

2016-жылдан ушул убакка чейин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан