Бишкек шаарында акча салынган терминалды уурдап кетишти. Шаардык комендатуранын берген маалыматына ылайык, кылмыш 5-апрелден 6-апрелге караган түнү коменданттык саат учурунда болгон.
6-апрелде Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө Т. Б. аттуу жаран кайрылып, анын Абдрахманов көчөсүнө коюлган терминалын белгисиз адамдар уурдап кеткенин арызында жазган. Арыз ээси терминалдын өзү 1 500 доллар экенин, анын ичинде 61 миң 500 сом болгонун белгилеп, уурдап кеткен адамдарды таап, чара көрүүнү өтүнгөн.
"Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "уурулук" беренеси менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Азыркы учурда кылмышка шектүүлөрдүн жүргөн жерин аныктоо жана аларды кармоо иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.