Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат болуп катталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, ал Осмонбек Артыкбаевдин ордуна депутат болот. Артыкбаев депутаттык мандатынан соттун чечими күчүнө киргенине байланыштуу ажыратылган.
Буга чейин Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин аппарат башчысы болуп иштеп келген. Ал март айында өз каалоосу менен кызматтан бошотулган.