Мына сага тамаша! Ырчы Адель күйөөсүнө мүлкүнүн негизги бөлүгүн берүүгө аргасыз

Популярдуу британиялык ырчы Адель ажырашканга чейин күйөөсү Саймон Конекки менен бирге жашаган хан сарайын сатты. Ырчы аталган хан сарайды 2017-жылы 5 миллион долларга сатып алган. Бирок аталган кыймылсыз мүлктү ал болгону 3 миллион 700 миң долларга гана сата алган.

Маалыматка ылайык, уникалдуу үй XVIII кылымда курулган.

Мындан бир жыл мурун ырчы Адель жана анын күйөөсү Саймон Конекки сегиз жылдык мамиледен кийин ажыраша турганын жар салышкан. Азыр түгөйлөр ажырашууга байланыштуу материалдык маселелер менен алпурушуп жатышат. Анда ажырашуу эрежелерине ылайык, Адель өзүнүн байлыгынын негизги бөлүгүн мурунку күйөөсүнө өткөрүп берүүгө аргасыз болууда.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын күзүндө Адель 45 килограмм салмак таштап, күйөрмандарын таң калтырган.

Ырчы 2011-жылы Саймон Конекки аттуу жеке ишкерге турмушка чыгып, 2012-жылы Анжело Жеймс Конекки аттуу уулдуу болушкан. Ырчынын үлпөт тою 2017-жылы Лос-Анжелесте жашыруун өткөн. Саймон Конекки 2004-жылы стилист Клэр Фишерге үйлөнүп, 2008-жылы ажырашкан. Ортодо бир кызы бар.

Аделдин "Someone Like You", "Hello", "Skyfall" жана башка чыгармалары дүйнөлүк хитке айланып, ырчынын атактуулугун арттырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
faraon312
2020-04-11 02:03:03
Туй, ата, өтө жаман болуптур да. Не кылсак экен эми...
+20
Samatalibei
2020-04-11 02:22:58
faraon312, Ушуга биздин бийлик күнөөлүү.
+21
Store
2020-04-11 02:58:18
Эмне себептен мүлкүн берүүгө аргасыз болду? Бираз түшүнүктүүрөөк кылып жазгылачы диплом сатып алгандар!
+32
Baktyluumun98
2020-04-11 09:09:35
Store,ха,ха. Мага жакты.
+6
bond02
2020-04-11 10:21:30
Гулзат Мамытбектей болуптур да.
+5
vikidiki
2020-04-11 13:35:43
Брачный контракт тузгон эмес го
+3
munduz2016
2020-04-11 19:07:13
Тою жашыруун өтүптүр,рекламалабай)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан