"Манас" эл аралык аэропортунун жолунда жеңил унаа эки аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 9-апрель күнү саат 22:00 чамасында болгон.
"Mercedes унаасы эки аялды сүзгөн. Жабырлануучулардын бири ооруканага жеткирилсе, бирине амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ал эми унаа айып короосуна токтотулуп, тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.